Мен сизди жакшы көрөм, ата

Чоң кишилерге сабак берчүмүн. Бир күнү кечирилгис иш кылдым. Окуучуларыма үйгө тапшырма бердим. Тапшырма, жакшы көргөн адамына барып, аны жакшы көрөрүн айтуу болчу. Ал адам мурда жакшы көрөрүңүздү айтпаган же көптөн бери жакшы көрөрүңүздү билдирбеген адам болушу керек дедим.

Негизинен бул оор тапшырма эмес эле. Бирок, сабакка катышуучулардын көпчүлүгүнүн 35 жаштан жогорку курактагы эркектер экенин, көпчүлүгү үчүн сезимин билдирүү эркектикке жарашпайт деген ойдо болгондугун эске алсак, бул оор тапшырма болчу. Сезимдерин айтуу же ыйлоо алар үчүн болушу мүмкүн эмес эле. Ошондуктан, бул тапшырма көпчүлүгү үчүн кыйын иш эле.

Кийинки сабактын башында «Кимдир бирөөгө жакшы көрөрүн айтканда, кандай сезим жашаганын айтып бере тургандар барбы?» деп сурадым. Мындай учурда көбүнчө аялдар кол көтөрүп сөз баштайт эле. Бул ирет бир жигит кол көтөрүп, таасирлүү сезимдерин айтып баштады:

«Франк, мурдагы аптада тапшырма бергениңде сага ачууланган элем. Жакшы көрөрүмдү айта турган эч кимим жок деп ойлогом. Менин жеке жашоомо байланыштуу тапшырма берүүгө кандай акысы бар деп да ачууландым сага. Бирок, машинени жүргүзүп жатканда жан дүйнөмдүн үнүн уктум. Жакшы көрөрүмдү айтышым керек болгон адамым бар экен. Мындан беш жыл мурун атам менен катуу таарынышкан элек. Ал таарынычтан кийин атам менен тил табыша албадык. Үй-бүлөлүк кечелерде мажбур калып саламдашпасак, бири-бирибизге көрүнүүдөн качат болчубуз. Ал учурларда да сүйлөшө албайт элек. Сен тапшырма бергенден кийин үйгө барганча ойлонуп атама жакшы көрөрүмдү айтууга өзүмдү көндүрдүм. Таң калыштуусу мындай чечимге келүү да ичимдеги оор жүктү жеңилдетти.

Үйгө барганда бул чечимимди жубайыма айтууга ашыктым. Ал уктап жатыптыр. Ойготуп чечимимди айттым. Ал да кубанып мени кучактады. Турмуш кургандан бери биринчи жолу көз жаш төккөнүмө күбө болду. Түн жарымга чейин кофе ичип, сүйлөштүк. Бул үчүн абдан кубандым.

Таң атканда кубаныч менен ойгондум. Атама жакшы көрөрүмдү айтуу үчүн толкундап, түнү да жакшы уктай албадым. Таң эрте жумушка барып эки сааттын ичинде мурунку күнгө караганда көп иш бүтүрдүм. Саат 09:00 да атама чалып «Ата, кечинде үйгө барсам болобу? Сизге айтышым керек болгон сөзүм бар» — дедим. «Дагы эмне болду?» — деди түшүнбөй. Көп убактыңызды албайм деп көндүрдүм.

Кечинде 05:30 да ата-энемдин үйүнүн эшигинин коңгуроосун бастым. Эшикти атам ачса экен деп тиледим. Эшикти апам ачып калса, атам менен сүйлөшө албай, апама да айтпай кетип калам деп коркуп жаттым. Бактыма эшикти атам ачты. Эч кечиктирбей, атама жакындаштым да, «Ата, сизди чексиз жакшы көрөрүмдү айтканы келдим» — дедим. Атам мени күтүп жаткандай сезилди. Жүзү өзгөрүп, көздөрүнө жаш тегеренип кучактады да, «Мен да сени жакшы көрөм, балам» — деди.

Ал учур мен үчүн ушунчалык кымбат болду. Кучагымдан чыгаргым келбеди. Апам келип ыйлап бизди кучактады. Ошентип, сезимимди айтып коштошуп чыктым. Көптөн бери өзүмдү мынчалык жакшы да, жеңил да сезбеген элем.

Бирок, эң негизги нерсени айтышым керек. Ал зыяратымдан эки күн өткөндөн кийин атамдын жүрөк оорусу кармап ооруканага жаткырылды. Атамдын бул оорусун менден жашырышкан экен.  Азыр ооруканада өзүнө келе албай жатат. Ооруканадан чыгып чыкпашы да белгисиз.

Бул класстагылардын баарына айтарым, кылышыңыз керек болгон иштерди, айтышыңыз керек болгон жакшы сөздөрдү кечиктирбеңиздер. Атама жакшы көрөрүмдү айтууну кечиктиргенимде, балким муну айтуу мүмкүнчүлүгүм болбой калмак. Аткарышыңыз керек болгон иштер үчүн убакыт бөлүңүз, эң негизгиси тезинен аткарууга шашыңыз.»

Которгон Өкөнбаева Турдугүл

Булак: insan.kg