Өмүрдү сүйсөңүз, убактыңызды бекер өткөрбөңүз

Убакыт жөнүндө учкул сөздөр:

Убакыт – эч кимге жан тартпаган, эч кимди кемсинтпеген адилеттүү жетекчи сыяктуу. Жаңы күн башталаарда адамдардын баары бирдей саат, мүнөт алышат. Мисалы, байлар акчага дагы көп убакыт сатып ала алышпайт. Ошондой эле, илимпоздор дагы көп убакыт ойлоп таба алышпайт. Же эртең колдонуу үчүн бүгүнкү убакытты сактоого болбойт. Бирок, ошого карабай убакыт адилеттүү жана кечиримдүү болот. Өткөн чакта убакытты канчалык максатсыз колдонгон болсоңуз да, эртеңки убактыңызды кемитпей башкалар менен бирдей берет.

Дэнис Уэйтли

Убакытты туура эмес колдонгондор, убакыттын кыскалыгынан наалышат.

Жан де Лабрюйер

Өмүрдү сүйсөңүз убактыңызды бекер өткөрбөңүз. Убакыт – өмүрдүн дал өзү.

Бенжамин Франклин

Беш нерседен мурда беш нерсени барктагыла: кедей болуп калуудан мурда байлыгыңды, ооруп калуудан мурда ден-соолугуңду, бошобой калуудан мурда убактыңды, картайып калуудан мурда жаштыгыңды жана өлүмдөн мурда өмүрдү барктагыла.

Хадис

Бош убакыт жок, бош кеткен убакыт бар.

Рабиндранаат Тагор

Адамдын өмүрү жарымын тартышуу менен өткөрө тургандай узун эмес. Өткөндү унутуп, келечекти караңыз. Линколн

Убакыт эч качан жок болбойт, биз жок болобуз.

Поль Клодель

Бир адамдын экинчи бирөөгө бере ала турган эң баалуу белеги – ага бөлгөн убактысы.

Дейл Карнеги

Эрте таңдагы бир саат, түнкү эки сааттан берекелүү.

Африка эл макалы

Бош кеткен убакытка кайгыруу, шамалды кубалоо сыяктуу.

Орус эл макалы

Өткөн чак жана келер чак жок. Түбөлүктүү учур бар.

Каули

Даярдаган Өкөнбаева Турдугүл

Булак: insan.kg