Бишкекте медресе мугалимдерине инновациялык багытта окутуунун методдору үйрөтүлүүдө

Бишкек шаарындагы «Солюкс» мейманканасында «Кесиптик билим берүү» долбоорунун алкагында «Медресе мугалимдеринин билим деңгээлин жогорулатуу» программасынын алкагында Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынан 20 мугалим жана Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облусунан 20 медресе мугалими өздөрүнүн тажрыйбаларын интерактивдик жол аркылуу жогорулатышууда. Демилге Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы тарабынан көтөрүлүп, АВЕП коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.
2 күндүк семинар алкагында медресе мугалимдери окутуунун жаңы усулдарын үйрөнүшүп, студенттерге сапаттуу билим берүү жана алар менен иштөө, заманбап метод аркылуу сабактын кызыктуулугун арттыруу, ар бир студент менен жекече иш алып баруу, диний окуу жайдын билим берүү сапатын техникалык жабдуулар менен толуктоо боюнча өз тажрыйбаларын жогорулатышууда.
Ошондой эле диний окуу жайлардын мугалимдери өздөрүнүн буга чейинки тажрыйбаларын кагаз бетине түшүрүшүп, бири бири менен дайыма байланышта болуп, окуучулар үчүн ар кандай билим берүү жаатындагы сынактарды өткөрүп турууну сунушташууда.

Бүгүнкү күндө инновациялык багытта билим берүүнүн жаңы системасы жанданууда. Заман өзгөрүп, ага жараша акыркы үлгүдөгү билим берүүнүн жаңы жолдору пайда болуп жатат. Учурда окуу планы, программасы, анын мазмуну, окутуунун методдору, формалары, колдонулган окуу каражаттары жана анын натыйжалуулугун кайра карап чыгуу зарылдыктары келип чыгууда. Ошондуктан биз диний окуу жайларыбыздын мүдүрлөрүн, мугалимдерин жылына 2-3 ирээт окутуп, аларга билим берүүнүн жаңы усулдарын заманга жараша үйрөтүүдөбүз,-деди КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов.