Кара-Сууда көмүрдүн исине ууланып кайтыш болгон 4 адамдын жакындарына зыярат кылынды

Бүгүн, 6-март күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков баштаган казыят кызматкерлери Кара-Суу районунун Савай айыл аймагында 3-март күнү көмүрдүн исине ууланып кайтыш болгон 4 адамдын жакындарын зыярат кылып, акчалай жардам көрсөтүштү.

Дин кызматкерлери маркумдардын жакындарына көңүл айтып, рухуна багыштап Куран окуп, дуба кылышты.

«Маркумдарды Аллахым өз ырахматына алсын. Курандын Аль-Имран сүрөсүндө «Ар жан өлүм (даамын) татат» деп келет. Өлүм деген баарыбыздын башыбызда бар. Өлүм айтып келбейт. Аллахым сабыр берсин. Кайрат кылыңыздар», – деди Абдималик ажы Турсунбеков.

Айта кетсек, аталган 4 адамдын үчөөсү бир үйдөн, бирөөсү ошол эле айылдагы тууганы болгон.