Дастан ажы Мамаев: «Убакытты текке кетирбей, жаштык кездеги күч-кубатыңарды илим алууга жумшагыла»

Бүгүн, 6-март күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев Кара-Кулжа айылындагы Бакы Эшмамбетов атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушуп, «Мугалимди сыйлоо жана убакытты туура пайдалануу» деген темада баяндама жасады.

«Мугалим – мөмөлүү дарак». Алар окуганды, жазганды, кошуп-көбөйткөндү үйрөтүп, жаштарыбыздын сабаттуу болушуна өз салымдарын кошуп келишет. Окуучулар мугалимдердин айткандарын кунт коюу менен угуп, берилген тапшырмаларды өз убагында так аткаруусу талап кылынат. Албетте убактысын туура пайдалангандар үчүн сабактарды өздөштүрүү оңой болот. Ошол себептен, убакытты текке кетирбей, жаштык кездеги күч-кубатыңарды илим алууга жумшагыла», – деди Дастан ажы Мамаев.

Аталган иш-чарага милициянын өкүлдөрү, мектептин эмгек жамааты жана окуучулар катышты.