Бекназар ажы Жапаров Ноокат райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси менен жолугушту

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров Ноокат райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Уланбек Мурзамудин уулу менен жолугушуп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө тыгыз кызматташуу боюнча пикир алышты.

«Учурда той-аштарда ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошол сыңары электр энергиясын үнөмдөөгө, ысырап кылбоо боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө хатибият кызматкерлери жакындан жардам берип, тыгыз иш алып барсак», — деди Уланбек Мурзамудин уулу.

Ага кошумчалай райондун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров: «Аллах Таала адамдарга түрдүү жакшылыктарды насип кылды. Ага шүгүр келтирүүбүз керек. Электр энергиясы да биздин жаратылыш ресурстарынан алынган нерсе, аны ысырап кылбай, үнөмдүү иштетүү биринчиден адамгерчилик, экинчиден коомду ойлогон гумандуулук. Хадистин маанисинде келгендей, «өзүнө каалаган жакшылыкты башкаларга да каалоо» боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө ар дайым кызматташууга даярбыз», — деп баса белгилеп өттү.

Жолугушуунун алкагында элге электр энергиясын таратуу системасы көрсөтүлүп, бир топ маалыматтар берилди.