«Равза» медресесинде Куран жарышы болуп өттү

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы «Равза» медресесинде Куран жарышы болуп өттү. Жарышка «Равза», «Эргеш кызы Карамат» медреселеринин студенттери жана «Дача СУ» айылындагы «Умар» мечитине келип-кетип окуган балдар катышты. Конкурста дасыккан устаздар калыс болуп, конкурсанттардын ата-энелери да күбө болушту. Жыйындын соңунда жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылып, жалпы катышуучуларга сый тамак уюштурулду.

«Куран бул Аллах Тааланын өзүнүн сөзү, эң ыйык китебибиз. Пайгамбарыбыздын куттуу хадисинде мындай деп кабарланат: «(Кыямат Күнү) Куран адамына «Оку да, жогорула, бул дүйнөдө окуганыңдай (ар бир тамгасын) кооз жана даана (чыгарып, «тартил» менен) окугун. Сен акыркы аятка жеткен кезде, ошол жер сенин даражаң болот!». Мына ошондуктан баарыбыз Куран үйрөнүп, башкаларга да үйрөтүүгө арек кылалы», — деп белгиледи «Равза» медресесинин мүдүрү Өскөн ажы Каландаров.