Балыкчы шаарында жаңы окуу борбору ачылды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы «Закий эне» мечитинин имамы Тилек Зарылбековдун демилгеси менен «Ак ниет нуру» окуу борбору ачылды. Ачылыш аземге шаар мэри Азамат Арнабек уулу, шаардык кеңештин төрагасы Жакшылык Абдыразаков, мэрия кызматкерлери, Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов, имамдар жана демөөрчүлөр катышты.

Окуу борбордун ачылышына ар тараптан колдоо көрсөткөн инсандарга окуу борбордун атынан ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Борбордо шаар тургундарына, жаштарга Куран жаттоо, тил курстары, ханафи мазхабы, матуриди ишеними боюнча окутуулар жүргүзүлмөкчү.

Окуу борбордун ачылышына, калаа тургундарынын руханиятын көтөрүүгө кошкон салымы үчүн баш имам-хатиб баштаган бир катар себепкерлерге ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Баш имам-хатиб окуу борбордун иштерине ийгилик каалап, азыркы учурда бул окуу борбору ханафи мазхабын, матуриди акыйдасын жайылтууда чоң салымын кошорун белгилеп өттү.

Аталган борор Балыкчы шаарынын Жумаш Султанов көчөсүндө жайгашкан жана мында диний билим берүү менен бирге түрк, англис жана араб тилдери үйрөтүлөт.

Айта кетсек, борбордун жетекчиси болуп Тилек Зарылбеков бекитилди. Зарылбеков орто мектепти Балыкчы шаарынан аяктаган. Жогорку окуу жайды Бишкек шаарындагы Кыргыз-Ислам университетинде бүтүргөн. Андан соң, Иорданиядагы Бүткүл Дүйнөлүк Ислам Илимдер Университетинин Ханафий мазхабы факультетинде бакалавр жана магистратурасын аяктаган.