Алайда «Таш-Короо» мечити жылуулук менен камсыздалууда

Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков Гүлчө айыл аймагындагы Таш-Короо айылында жайгашкан «Таш-Короо» мечитини жылуулук менен камсыздоо иштери менен жеринен таанышып, демилгени көтөрүп баштаган имам Урматбек Туратбек уулуна жана ыктыярчы катары кызмат кылып жаткан жергиликтүү элге ыраазычылык билдирди.

«Ибадат кылууда эч шашпастык керек. Өз алдынча нафил намаздарда мүмкүн болушунча рүкү, саждада көбүрөөк болууну калыптандыруу керек. Буйруса эми мечит демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жылуулук менен камсыздалып, жылуу жерде ибадаттарды жакшы аткарууга шарт түзүлүүдө. Мечитке келип ыктыярчы катары кызмат кылып жаткандардан Аллахым ыраазы болсун», — деди Эмирлан ажы Бообеков.

Айта кетсек, аталган мечитти жылуулук менен камсыздоо үчүн 300 миң сом акча каражаты сарпталып, ага демөөрчү катары Тынарбек Адишов колдоо көрсөткөн.