Таласта ажыга баруучуларга алгачкы сабак өткөрүлдү

Кечээ, 6-март күнү Талас шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда ажыга баруучуларга менингитке каршы эмдөө жүргүзүлдү. Эмдөөнүн алдында болочок ажыларга дарыгерлер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар бири медициналык текшерүүдөн өткөн соң эмдөө алышты.

Андан кийин Талас облустук мусулмандарынын казыятынын кеңсесинде ажылык сапарга баруучуларга жыйын уюштурулуп, сабактар өтүлдү. Сабакты ажы башчы Замирбек Кыдыралиев өтүп, ажылыкка алгачкы даярдыктар, зарыл болгон ибадаттар туурасында кенен маалымат берди.

«Буйруса мындан ары да ажылык туурасында сабактар байма-бай өтүлүп турат. Ажылык өзгөчө ибадат, андагы аткарылуучу амалдарды баарыңыздар билишиңиздер керек. Ошондуктан бардык сабактарды калтырбастан катышыңыздар», — деди ажы башчы.