Таласта имамдар арасында футбол боюнча мелдеш өттү

Талас облусунда дин кызматкерлери арасында футбол боюнча достук мелдеши өткөрүлдү. Футболдук мелдеш Айтматов районундагы «Асыл» спорт комплексинде райондук хатибиятынын уюштуруусу менен өтүп, жалпы 5 команда катышты.

Оюндун ачылышында район баш имам хатиби Исламбек Куматаев оюнчуларга ийгилик каалап, «Спорт — ден соолуктун булагы. Футбол командалык оюн болгондуктан, ортобуздагы ынтымакты бекемдейт. Бүгүнкү оюнда ынтымагыбызды, биримдигибизди бекемдегенге дагы бир мүмкүнчүлүк жаралууда. Жакшы оюн көрсөтүп, бөөдө кырсыктардан аман бололу», — деп билдирди.

Командалар арасында оюн кызыктуу жүрүп, жыйынтыгында 1-орунду Айтматов районунун имамдары, 2-орунду Бакай-Ата районунун имамдары, ал эми 3-орунду казыят командасы ээледи. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.