Баткен облусунун казысы аймактагы баш имам-хатибдерге жана медресе мүдүрлөрүнө жыйын өткөрдү

Бүгүн,7-мартта Баткен облусунда баш имам-хатибдерге жыйын өткөрүлүп,ага облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров баштаган казыят кызматкерлери, диний окуу жайдын мүдүрлөрү, шаар-райондордун баш имам-хатибдери катышты.

Чогулушта облус  казысы Нуридин ажы Мамасабиров ушул жылдын 5-мартында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун облустардын казыларына өткөргөн жыйында көтөрүлгөн маселелер, кабыл алынган чечимдер боюнча маалымат берди.

Жыйында негизги маселе катары облустагы каттоодон өтө элек мечиттер тууралуу болуп, облус казысы мечиттердин каттоосун ылдамдатууну буйруду.

Ошондой эле төмөнкү маселелерге көңүл буруу тапшырмасын берди.

1) Жаз айлары жакындаганына байланыштуу мечиттердин айланасын тазалоо жана жашылдандыруу;

2) ​​​​​​​Рамазан айына карата даярдык көрүү;

3) Имамдардын диний билимин жогорулатуу максатындагы окутууларды уюштуруу боюнча план түзүү;

4) Эл арасында ынтымак-биримдикти күчөтүү максатта иш-чараларды уюштуруу, баяндамаларды жасоо ж.б.

«Аллах Тааланын жардамы ниет-максаты бир болгон жааматка болот. Андыктан максаттарыбызды, ниеттерибизди бириктирип, өлкөбүзгө чын ыклас менен кызмат кылалы. Аймактагы диний кырдаал боюнча биз жооптуубуз. Ошондуктан бул жүктү сезип, натыйжалуу иш алып баралы. Берилген тапшырмалар убагында, так аткарылсын. Дин үчүн кызмат көрсөтө берели. Сообун Аллах Таала өзү берет», — деди казы Нуридин ажы Мамасабиров.