Азирети Муфтий дин ишмери Орозобек ажы Жунушовдун дүйнө салганына байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Нарын казыятынын кызматкери Орозобек ажы Жунушовдун дүйнө салганына байланыштуу көңүл айтты.

Көңүл айтуу тексти берилет:

Нарын мусулмандарынын казыятында көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип, облус калкын диний жана руханий жактан агартууга, ислам баалуулуктарын жана маданиятын жайылтууга, өзгөчө жаштардын ислам тарбиясы менен тарбияланышына жана казыяттын өнүгүшүнө бараандуу салым кошуп келген дин ишмери, Нарын казыятынын ардактуу кызматкери Орозобек ажы Жунушовдун дүйнө салганына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Жараткан маркумду Өз ырайымына алып, Бейиштин төрүнөн орун насип кылсын.

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35).

“Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Кыргызстан мусулмандардын Дин Башкармалыгынын эмгек жамаатынын атынан маркумдун үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына жана кесиптештерине көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөм.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров