Кызыл-Кыя шаарында муктаждарга жардам көрсөтүлдү

Кечээ, 6-март күнү Кызыл-Кыя шаарындагы “Мухаммадия” мечитинде 1000ден ашуун аз камсыз болгон, көп балалуу жалгыз бой жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген инсандардын үй-бүлөлөрүнө Кувейт мамлекетинен келген гуманитардык жардамдар таратылды. 

Иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэринин биринчи орун басары Иляз Бабаев жана “Мухаммадия” мечитинин имам-хатиби Нурсултан Назаров катышты. 

«Аймактагы муктаждарга жардам көрсөтүү максатында “Смарт Дженерейшн” коомдук фондунун кайрымдуулук иш-чарасын уюштурдук. Бул гуманитардык жардамдарды алуучулардын тизмеси Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жана Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан такталып, муктаждарга таратылды.Биздин башкы максатыбыз, муктаждарга колдоо көрсөтүү менен алардын көңүлдөрүн көтөрүү. “Смарт Дженерейшн” коомдук фондунун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирбиз», — деди Нурсултан Назаров.