Мирланбек ажы Токтомушов Ош шаарынын мэри менен жолугушту

Бүгүн, 7- март күнү Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаардык мусулмандарынын казыят жамаатын кабыл алды. Жолугушууда Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов мэр менен бир катар маселелерди талкуулап, келе жаткан Рамазан айына карата мечиттердин баары даяр экенин белгиледи. 

Жолугушуунун жүрүшүндө казыят жетекчиси тарабынан шаардагы «Аль-Бухари Алай» мечитин кайра куруудагы проекти көрсөтүлдү. Калаа мусулмандарынын казысы курулуш иштери шаар тургундары тарабынан жүргүзүлөрүн айтып, иш алып баруучу команда стартта турганын билдирди.