Дастан ажы Мамаев: «Ар ким өз ишине жоопкерчиликтүү болушу керек»

Бүгүн, 7-март күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев райондун айыл аймактарындагы жооптуу имамдарга жыйын өткөрүп, Рамазан айына карата даярдыктарды көрүү, катмы Куранды жергиликтүү элдин абалына жараша окуу, Рамазандын башталышы тууралуу маалыматтарды жана орозо кармоонун пазилеттерин жума намазына келген элге айтып-түшүндүрүү боюнча тапшырма берди.

«Азирети Муфтийдин тапшырмасына ылайык, Рамазан айында катмы Куранды жергиликтүү элдин абалына жараша кыйналбай турган кылып окууну уюштурабыз. Ошондой эле Рамазан айынын башталышы тууралуу тиешелүү фатваларды элге түшүндүрүү жана орозо кармоонун пазилеттерин айтуу биздин милдетибиз. Ар ким өз ишине жоопкерчиликтүү болушу керек», – деди баш имам-хатиб жыйында.