Ысык-Көлдөн ажылыкка бара турган болочок ажыларга сабактар өтүлүүдө

Ысык-Көл облусунун казыятында быйылкы жылы облустан ажылыкка бара турчу болочок ажыларга сабак өтүлүп жатат. Сабак ажылык ибадатынын пазилеттери, сооптору, ажылыкка байланыштуу өкүмдөр тууралуу болууда. Окутууну ажы башчы Талантбек Акылбек уулу өтүп, ажылык сапарына даярдыктар, ажы амалдарын аткарууда зарыл болгон маселелерге токтолду.

«Ажылык өзгөчө ибадат болуп саналат. Кээ бир ибадаттарды денебиз менен гана аткарабыз. Мисалы намаз, орозо сыяктуу ибадаттар. Малыбыз, байлыгыбыз менен гана аткарчу ибадаттарыбыз бар, алар; зекет, садака берүү. Ал эми, ажылык амалды малыбыз менен да, денебиз менен да аткарабыз. Эми ушул улуу ибадатты эң жакшы аткаралы. Сапарда ар кандай кыйынчылыктар, сыноолор болот. Аларга сабырдуулук, чыдамкайлык менен мамиле кылып, ибадаттарыбызды ишке ашыралы. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) : «Кабыл болгон ажылыктын сыйлыгы бейиш болот» деп айткан. Ушул сыйлыкка Жараткан Алла Таала баарыбызды жеткирсин», – деди Талантбек ажы.

Ажы башчы сабактар алдыда дагы уланып турарын билдирди.