Ош: “Пайгамбарыбызды (САВ) жакындан тааныйлы” аттуу конкурстун жыйынтыгы чыкты

Ош шаарында “Пайгамбарыбызды (с.а.в.) жакындан тааныйлы” аттуу конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, сыйлоо аземи болуп өттү. Сыйлык тапшыруу аземине Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов жана “Примов” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү катышты.

Шаар казысы Мирланбек ажы Токтомушов конкурстун максаты пайгамбарыбызды (с.а.в.) таанытуу, анын өмүрүн, жашоосунда болуп өткөн окуяларын, басып өткөн жолун, үммөткө калтырган сүннөттөрү менен жашоону үйрөтүү экендигин айтты. 

Аземде “Примов” кайрымдуулук фонду “Аль Бухари Алай” мечитинде пайгамбарыбызга (с.а.в.) салават айтуу боюнча конкурс өткөрүп, эң көп салават айткан 10 адамга акчалай сыйлык тапшырды.

Белгилей кетсек, конкурска Ош шаарынын (эркек) тургундары жана шаардагы диний окуу жайлардын студенттери арасында болуп, эки бөлүктөн өткөрүлгөн. Дал ушундай эле конкурс калаадагы айымдар арасында да уюштуруларын казыяттан билдиришкен.

Ош шаарынын тургундарынан катышкан жеңүүчүлөр:

Саттаров Нурсейит, 1-орун                                

Касымов Мирлан, 2-орун

Абдрайим у Бексултан 3- орун

Абдилады у Мухаммадали, 4-орун

Абдулази у Бердимурат, 5-орун

Жолдошов Султанмурат, 6- орун

Куштарали у Жалал, 7-орун

Таштанов Дамирбек, 8-орун

Урайымкулов Айжигит, 9-орун

Жолчубаев Дилмурат, 10-орун

Диний окуу жай студенттери арасындагы жеңүүчүлөр:

Эсенжанов Кандос, 1-орун

Саттаров Абдулвахид, 2-орун

Шосинов Нурсултан, 3-орун

Алпаизова Ракия, 4-орун

Мухаммедова Румайса, 5-орун

Адиев Данияр, 6-орун

Кудайбердиева Жибек, 7-орун

Хашимова Гулмира, 8-орун 

Аттокурова Гулбара, 9-орун 

Жолдошова Мариям, 10-орун