Эмирлан ажы Бообеков: «Рамазанда ашказанды эле эмес, тил, кулак жана көздү сактоо да маанилүү»

Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков Сары-Могол айылынын тургундары менен жолугушуп, орозонун пазилеттери тууралуу маалымат берип, элди ынтымак жана биримдикке чакырды.

«Берекелүү Рамазан айына карата даярдыктарды көрүү зарыл. Ал үчүн бир ай бою айрым нерселерди азайтып, кээ бир амалдарды көбөйтүү керек. Айта турган болсок, телефонду азыраак, китеп окууну көбүрөөк кылып жана уйкуну азайтып, ибадатты көбүрөөк жасоо керек. Айтор орозо кармоо адамдын ашказанына эле тиешелүү эмес, ал бардык мүчөлөр үчүн бирдей болуусу керек. Айрыкча тил, кулак жана көздү сактоо маанилүү. Бир айлык ибадаттар адатка айланып, кийинки жылдын рамазан айына чейин жетип барышына үмүт кылалы. Аллахым Рамазан айын татыктуу өткөрүүдө баарыбызга женилдик берсин», – деди Эмирлан ажы Бообеков.