Сары-Талаада жергиликтүү тургундар үчүн атайын сабактар өтүлө баштады

Баткен облусундагы Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнө карашуу алыскы Сары-Талаа айылында жумасына бир жолу атайын сабактар уюштурула баштады. Апталык диний сабак «Мухтасар ал-Викая» китебинин негизинде өтүлүп жатат.

Аталган айылдагы “Табылгы” мечитинин имамы Акжол Ахуновдун айтымында, сабактар ислам дининин ханафи мазхабынын жана матуриди акыйдасынын негизинде уюштурулган.

“Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадисинде: «Менден бир аят болсо да башкаларга жеткиргиле» деп айтылган. Сабакты уюштуруу биздин милдет. Сабагыбызга учурда жергиликтүү жашоочулар, аксакалдар жана жаштар катышууда. Ал эми жумалык сабактар коомчулуктун диний сабатсыздыгын жоюга, алардын диний маалыматуулугун жогоруулатууга багытталат”, – дейт мечит имамы.