Алайда имамдар арасында «Мухтасар аль-Викая» китебинен сынак өткөрүлдү

Бүгүн, 9-март күнү Ош облусуна караштуу Алай районунун борбордук мечитинде райондогу жалпы имамдар арасында «Мухтасар аль-Викая» китебинен сынак өткөрүлдү.

Аталган сынакта калыстар тобун Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев, казыят кызматкерлери Сулайман ажы Шерматов, Алибек Акпарали уулу, Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков жана хатибият кызматкерлери болуп текшерүүдөн өткөрүштү.

Сынактын жеңүүчүлөрү:

1-орун – Алмамат уулу Даняр, «Аль-Ихсан» мечити (Гүлчө) – 10 миң сом;

2-орун – Аматбеков Азамат, «Кең-Жылга» мечити (Корул) – 7 миң сом;

3-орун – Рысбаев Адилбек, «Азимжан ажы» мечити (Боз-Караган айылы) – 3 миң сом;

3-орун – Искендер уулу Толкунбек, «Өмүрзак казы» мечити (Сопу-Коргон) – 3 миң сом.

Ал эми сынактын жалпы катышуучуларына да акчалай сыйлыктар тапшырылды.

«Имамдар арасында фикх илиминен бир китептин негизинде сынак өткөрүү – бул элдин фикх маселелерине бирдиктүү жооп берүүгө себеп болот. Албетте бирдиктүү жооп болгон жерде өз ара пикир келишпестиктер болбойт деп үмүттөнөбүз. Буйруса бул иш-чара облустук деңгээлде да өткөрүлөт», – деди Сайдамир ажы Жейналиев.

Ал эми райондун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков конкурс жогорку деңгээлде өткөнүн маалымдап, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.

«Жалпы имамдарга «Мухтасар аль-Викая» китебинен сынак өткөрүү менен алардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууну максат кылдык. Буйруса сынак эрежелери так сакталып, жакшы өттү. Хатибияттын демилгесине колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз», – деди Эмирлан ажы Бообеков.