Чүйдө болочок ажылар эмдөөдөн өтүүдө

(иллюстрациялык сүрөт)

Чүй облусунан быйылкы 2024-жылдагы ажылыкка баруучулар Кант шаарындагы «Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун» мекемесинде менингит жана тумоого каршы эмдөөдөн өтүшүүдө.

«Ажыларыбыз САПтын талабына ылайык, менингит жана мезгилдүү гриппке каршы эмдөөдөн өтүп жатышат. Алар COVİD ылаңына каршы да вакцина алышат. Бул боюнча КМДБнын алдындагы ажылыкты уюштуруу штабынын көрсөтмөсүнүн негизинде иш алып барабыз», – деп билдирди Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.

Эскерте кетсек, бул жылы Чүй облусунан 1135 жаран ажылыкка катталып, ыйык жайларга зыяратка барууга камданып жатат.