Баткен облусу боюнча 123 мечитте Куран хатм окулат

2024-жылдын 10-мартынан тарта Баткен облусундагы 123 мечитте таравих намазында Куран хатм окулат. Куран хатм Кадыр түнгө чейин окулуп, ошол куттуу түндө жыйынтыкталышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Баткен казыятынан кабарлашты.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык, Баткен аймагында Рамазан айына карата даярдыктарды көрүү, мечиттеги шарттар элге ыңгайлуу болуусу талап кылынып, бул жаатта процесстер кызуу жүрүүдө.

Облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров мечиттердин тазалыгына көңүл буруу боюнча тапшырмаларды берип, тапшырмага кайдыгер дин кызматкерлерине чара көрүлөрүн кошумчалады.