Кара-Сууда Рамазанга карата 820 үй-бүлөгө ун таратылды

Бүгүн, 9-март күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда Рамазан айына карата 820 үй-бүлөгө бир каптан ун таратылды.

Шарк айыл аймагындагы Сармазар мечитинин имам-хатиби Рахимжан ажы Нишанов кайрымдуулук иш-чарасын башында өз баяндамасын жасап, уюштуруучуларга ийгилик каалап ак батасын берди.

«Рамазан айына да саналуу күн калды. Колунда жок муктаж үй-бүлөлөргө ооз бекитип, ооз ачканга азык-түлүктөн жардам катарында бир каптан ун таратууну баштаган демөөрчүлөрдөн Аллахым ыраазы болсун. Берекелүү Рамазан айына карата уюштурган кайрымдуулук иштеринде эселеп сооптор берилет деп үмүт кылабыз», – деди Рахимжан ажы Нишанов.

Аталган иш-чара «Немат» кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулуп, 820 кап унду таратуу үчүн 7 портер тартылган.