Баткенде дин кызматкерлери Рамазан айына карата ишембилик өткөрдү

Бүгүн, 9-мартта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун Рамазан айына карата даярдык көрүү тууралуу тапшырмасына ылайык, Баткен облустук мусулмандарынын казыяты тарабынан облус аймагындагы мечит-медреселерде ишембилик өткөрүлүп, ага мечит имамдары жана дин кызматкерлери активдүү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мечит-медреселердин айланасы ар кандай калдыктардан, таштандылардын, акыр-чикирлерден тазаланып, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери аткарылды.

«Ислам дини тазалыктын бардык түрүнө көңүл буруп, ага үгүттөйт. Мечит-медреселердин тазалыгы биздин жүзүбүз. Ошондой эле касиеттүү Рамазан айында өзгөчө тазалыкка маани берүү зарыл», – деп билдирди облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.