Кара-Сууда имамдын демилгеси менен Рамазанга карата масштабдуу ишембилик өткөрүлдү

Бүгүн, 9-март күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагындагы Тельман айылында жайгашкан «Нур Ислам» мечитинин имам-хатиби Кубанычбек Токтосуновдун демилгеси менен Рамазан айына карата 500дөн ашуун адам катышкан масштабдуу ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликтин жүрүшүндө түлөө өткөрүлүп, элге сый-тамак уюштурулуп, этностор аралык ынтымакты чыңдоо, биримдик жана достук тууралуу баяндамалар жасалды.

«Ислам тынчтыкка жана тазалыкка чакырган дин болгондуктан, берекелүү Рамазан айына карата ишембилик иш-чарасын уюштуруп, элди ынтымак, биримдикке чакырып, сый-тамак үстүндө жакшы баяндамалар жасалууда. Аллахым ишембиликке чыккан ар бир жарандан ыраазы болсун. Ар дайым тазалыкка көңүл буруп, таштанды тазалаган эмес, таштанды таштабаган коом бололу», – деди «Нур-Ислам» мечитинин имам-хатиби Кубанычбек Токтосунов.