Аламүдүндө Рамазан айына карата кайрымдуулук баштыкчалары таратылды

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Салкын-Ордо айылындагы «Салкын» мечитинин имамы Абубакир Темирбаевдин демилгеси менен 50 үй-бүлөгө кайрымдуулук баштыкчалары таратылды

«Аллах Таала ыйык Куранда «Ошол үчүн атаандашуучулар жарышка түшсүн» деп буюрган. Рамазан айы бул жакшылыкта жарышуунун айы. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жашоосунда өтө көп жакшылыктарды жасачу. Ал эми орозо айы келгенде мурдагыдан да көбүрөөк жакшы иш кылууга аракеттенчү. Ошондуктан биз да Рамазан айындагы улуу соопторго, жакшылык үчүн берилчү сыйлыктарга жетүү үчүн күн-түн дебей аракетенели», – деп билдирди айыл имамы Абубакир Темирбаев.