Кара-Кулжада «Эне – үйдүн куту» аталышында спорттук мелдеш өткөрүлдү

(Иллюстрациялык сүрөт)

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа райондук хатибиятынын демилгеси менен райондогу жалпы мектептердин эжейлери арасында «Эне – үйдүн куту» аталышында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Аталган иш-чара Рамазан айына карата уюштурулуп, ар дайым ден соолукта болуу максатында мугалим эжейлер арасында өткөрүлдү.

Райондук баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев спорттук мелдешти өткөрүүгө демөөрчү болгон Авазбек Малаевге ыраазычылык билдирип, мелдешке катышуучу педагог айымдарга ийгилик каалады.

«Баарыңыздарды келе жаткан Рамазан айы менен куттуктайм. Аллахым берекелүү ырыскы, узун өмүр жана бекем ден соолук берсин. Мына буйруса ден-соолугубуз бекем болсун деп «Эне – үйдүн куту» аталышында эжекелерге спорттук мелдеш уюштурдук. Демөөрчүлөрдөн Аллахым ыраазы болсун. Катышуучуларга ийгилик каалайбыз», – деди Дастан ажы Мамаев.

Байге фонду 100 миң сомду түзгөн мелдештин акчалай сыйлыктары төмөнкүдөй болду.

1-орун – 50 миң сом;

2-орун – 30 миң сом;

3-орун – 20 миң сом.

Мындан сырткары мыкты оюнчуларга да атайын сыйлыктар тапшырылды.