Талас районунда эки мечит колдонууга берилди

Талас районундагы Сасык-Булак жана Кара-Ой айылдарында жаңы мечиттердин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземге ЖКнын депутаттары Дастан Жумабеков, Марат Мураталиев, «Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы» кайрымдуулук фондунун өкүлү, Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев, район баш имам-хатиби Райымберди Өмүралиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Облус казысы жаңы мечиттин ачылышы менен жергиликтүү тургундарды куттуктап, демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирди:

«Мечит эки нерсе менен толук тургузулат. Биринчиси, каражат жана курулуш материалдары, экинчиси беш убак намаз окуган жамаат. Мына демөөрчүлөр мечиттин биринчисин тургузуп, бардык шарттары менен сиздерге тапшырып берди. Экинчисин тургузуу сиздердин милдетиңиздер».

Эскерте кетсек аталган мечиттердин документтери бүткөрүлүп, күбөлүктөрү имамдарына тапшырылды.