Чоң-Алайда «Мухтасар аль-Викая» китебинен сынак өткөрүлдү

Кечээ, 9-март күнү Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагындагы Карамык айылынын имамы Бекболот Мадановдун демилгеси менен айыл тургундарына «Мухтасар аль-Викая» китебинен сынак өткөрүлдү.

Имамдын демилгесин айылдагы 1981-жылы туулган жигиттер колдоого алып, 100 миң сом акча каражатын чогултуп беришкен.

Байгелүү орундарга төмөнкүдөй акчалай сыйлыктар каралды.

1-орун – 20 миң сом;

2-орун – 15 миң сом;

3-орун – 10 миң сом.

Ошондой эле 10-орунга чейинки катышуучуларга да акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлыктарды тапшыруу аземинде райондун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов илим алуунун артыкчылыгы боюнча баяндама жасады.

«Китеп окуу адамды руханий жан дүйнөсүн жана сөз байлыгын өстүрөт. Ал эми фикх маселелери боюнча китептерди окуу ибадаттарды мыкты деңгээлде аткарууга шарт түзөт. Буйруса бул китеп окуу конкурсунун натыйжасы да жемиштүү болот деген ишеничтебиз. Уюштуруучулардан Аллахым ыраазы болсун», – деди Алимбек ажы Маматаминов.