Кара-Суудагы «Достук» мечитинин дааратканасы 11 млн сомго бүткөрүлдү

Бүгүн, 10-март күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагындагы Киров айылында жайгашкан «Достук» мечитинин дааратканасы 11 млн сомго заманбап шарттары менен бүткөрүлдү.

Хатибияттан маалымдашынча, мурдагы даараткана эскилиги жеткенине байланыштуу, жаңы заманбап даараткананын курулуш иштери 2021-жылдын 5-апрель күнү башталып, ага «Примов» фонду 5,5 млн сом бөлүп берген. Калган сумма жергиликтүү эл тарабынан курулуш иштеринин жүрүшүнө карап, аз-аздан чогултулган. Учурда заманбап шарттары менен бүткөрүлүп, бир учурда 50дөй адам даарат алса болот. Даараткананын шарттарында бир душ жана атайын майыптыгы бар жарандарга да шарттар каралган.

«Даараткананын мурдагы абалы бир топ нааразычылыктарды жарата берчү. Буйруса заманбап шарттары менен аба алмаштыруучу системасы жана жылуу суу менен камсыздалышы жамааттын купулуна толот деген ишеничтебиз. Ошондой эле, элди биримдикке чакырып, уюштуруу иштерин мыкты алып баргандыгы үчүн мечит имамына да ыраазычылык билдиребиз. Өзгөчө Рамазан айына карата бүткөрүлүүсү баарыбызды кубандырат», – деди баш имам-хатиб Абдирашит ажы Батыров.

Ал эми мечит имам-хатиби Кылычбек Камилов ар дайым колдоо көрсөтүп келген жергиликтүү элге ыраазычылык билдирди:

«Бул курулуштун артында аттары аталбаган жергиликтүү эл ар дайым колдоо көрсөтүп келди. Ошондой эле, курулуштун тең жарымын бүтүүсүнө жардам берген «Примов» фондуна ыраазычылык билдиребиз. Аллахым салым кошкондордун ар бирине эселеген жакшылыктарды насип кылсын».