Кочкордо ооз ачарлык жардам баштыктары дарегине жеткирилди

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда аз камсыз болгон көп балалуу жана жалгыз бой энелерге Ыйык Рамазан айына карата ооз ачарлык азык-түлүк жардам баштыкчалары таратылды. 

Бул саамалык Кочкор районунун баш имам-хатибинин орун басары Рахат Карабашовдун демилгеси менен уюштурулуп, Кочкор хатибиятынын тизмегинде турган 100 үй-бүлөгө баасы 4500 сомду түзгөн азык-түлүк баштыгы даректерине жеткирилди.

Ыйык Рамазан айынын алдында ушундай жакшылыкка туш болгон азы камсыз энелер Кочкор хатибиятына жана аты аталбай кол сунган демөөрчүлөргө терең ыраазычылыктарын билдиришип, Жараткан Алла Тааладан узун өмүр, мол ырыскы тилешти.