Күндөрүбүз орозо, түндөрүбүз намаздар менен кооздолсун!

Мээримдүү жана ырайымдуу Жараткан Алланын аты менен…

Урматтуу мусулман бир туугандар! Ардактуу мекендештер!

Ошентип ай алмашып, жыл тогошуп, кайрадан куттуу Рамазан айы жаңырды. Он бир айдын султаны – Рамазан айына сак-саламат жеткирген Жаратканга миң мертебе шүгүрлөр болсун. Алланын ырыс-дөөлөтүн жон тери менен сездирген, шаң-шарапаты менен ай-ааламды кездирген маарек орозо айы болгону 29 же 30 күн болот экен. Ушул айда Жараткан ыраазы болор жолго жалгашып, Азирети Мухаммеддин (с.а.в.) сүннөтүнө эргешип, бир жылдык, балким бир өмүрлүк тарбия алып калууну насип кылсын. Бир ууртам суу, бир тиштем нандын баркын билдирген, муктажтардын абалын туйдурган улуу орозо айын дагы да сооптуу, дагы да ибадаттуу өткөрүүгө аракет кылалы.

Орозо кармоо исламдын беш негизинин бири. Алла Таала Бакара сүрөсүндө мындай буйруйт:

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ كُتِبَ عَلَيۡكُمُ ٱلصِّيَامُ كَمَا كُتِبَ عَلَى ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَتَّقُونَ (183) أَيَّامٗا مَّعۡدُودَٰتٖۚ فَمَن كَانَ مِنكُم مَّرِيضًا أَوۡ عَلَىٰ سَفَرٖ فَعِدَّةٞ مِّنۡ أَيَّامٍ أُخَرَۚ وَعَلَى ٱلَّذِينَ يُطِيقُونَهُۥ فِدۡيَةٞ طَعَامُ مِسۡكِينٖۖ فَمَن تَطَوَّعَ خَيۡرٗا فَهُوَ خَيۡرٞ لَّهُۥۚ وَأَن تَصُومُواْ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ (184) شَهۡرُ رَمَضَانَ ٱلَّذِيٓ أُنزِلَ فِيهِ ٱلۡقُرۡءَانُ هُدٗى لِّلنَّاسِ وَبَيِّنَٰتٖ مِّنَ ٱلۡهُدَىٰ وَٱلۡفُرۡقَانِۚ فَمَن شَهِدَ مِنكُمُ ٱلشَّهۡرَ فَلۡيَصُمۡهُۖ وَمَن كَانَ مَرِيضًا أَوۡ عَلَىٰ سَفَرٖ فَعِدَّةٞ مِّنۡ أَيَّامٍ أُخَرَۗ يُرِيدُ ٱللَّهُ بِكُمُ ٱلۡيُسۡرَ وَلَا يُرِيدُ بِكُمُ ٱلۡعُسۡرَ وَلِتُكۡمِلُواْ ٱلۡعِدَّةَ وَلِتُكَبِّرُواْ ٱللَّهَ عَلَىٰ مَا هَدَىٰكُمۡ وَلَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ (185)

«Эй, ыймандуулар! Силерден мурдагыларга буйрулгандай эле, силерге да орозо кармоо буйрулду. Бул орозо силердин такыба болууңар үчүн.

(Орозо) эсептелүү күндөрдө гана. Силерден ким (орозо мезгилинде) ооруп калса, же сапарга аттанса – анда ал күндөрдүн  ордуна башка күндөрдө тоуктап берет. Орозо тута албай турган адамдар жакырдын тамагын төлөйт. Ким андан ашыкча жакшылык кылса  – ал өзүнө жакшы. Эгер билсеңер орозо кармооңор силер үчүн жакшы.

Рамазан айы, бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбө болсо (туш келсе) орозо тутсун! Ал (бул айда) бирөө ооруп калып, же сапарга чыкса, башка күндөрдө санын толтурсун. Алла силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. Санды  толуктагыла, силерди туура жолго салганы үчүн Алланы улуктагыла! Мүмкүн силер шүгүр келтирерсиңер» (Бакара сүрөсү, 183-84-85)

Улуу Жаратуучубуз мына ушундайча орозо ибадатынын момун пендесине канчалык пайдалуу экенин ачык айткан.

Ал эми хадистер казынасына кылчайсак, орозонун өтө мартабалуу, улуу, өзгөчө ибадат экени маалым болот.

عَنْ أَبِى هُرَيْرَةَ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ (صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمْ) قَالَ: “الصِّيَامُ جُنَّةٌ، فَلاَ يَرْفُثْ وَلاَ يَجْهَلْ، وَإِنِ امْرُؤٌ قَاتَلَهُ أَوْ شَاتَمَهُ فَلْيَقُلْ: إِنِّى صَائِمٌ مَرَّتَيْنِ…”

«Орозо – бул калкан. Араңардан орозо кармаган адам жаман сөз сүйлөбөсүн жана (эч ким менен) урушпасын. Эгерде кимдир-бирөө ага акаарат келтирсе же тийишсе, эки жолу: «Мен орозомун» десин».

Мындан сырткары орозо тууралуу айрым терме хадистерди эстесек:

«Рамазан айы башталганда бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат. Шайтандар чынжырга  байланат».

«Орозо кармагылада, (жан дүйнөңөрдү да, ден соолугуңарды да) чындагыла!».

«Алла Таала мындай деди: «Адам баласынын орозодон сырткары ар бир амалы (ибадаты, жакшылык иштери) өзү үчүн. Ал эми орозо Мен үчүн,  анын сообун Өзүм берем».

Кадырлуу мусулман бир тууганым!

Бул айдын берекеси ушунда, кылынган ибадаттарга эселеп-эселеп сооп жазылат.

Бул айдын берекеси ушунда, ичинде миң айдан абзел болгон Кадыр Түн катылуу!

Бул айдын берекеси ушунда, шайтандар кишенделип, напсилер тарбияланат.

Урматтуу бурадарлар!

Күндөрүбүз орозо, түндөрүбүз намаздар менен кооздолсун. Куран түшкөн куттуу айда көп-көп Куран түшүрөлү. Өзүбүз үчүн, жакындарыбыз үчүн, Мекенибиз үчүн, өлкөбүз үчүн, дүйнөбүз үчүн көп-көп дуба кылалы. Анкени «дуба – мусулмандын куралы». Көп-көп кайрымдуулук кылып, жүрөктөрдү жибитип, мүнөздөрдү жумшарталы. Улуу жол башчыбыз Азирети Мухаммад Мустафанын (с.а.в.) мүнөзүндөй мүнөз күтүнөлү.  

Алла Таала орозо туткандар үчүн өзгөчө сый-белек катары «Раййан» аттуу дарбазалуу бейишин тартуу кылат. Сабыр кылып, аракеттенип раййандык болууга умтулалы. Ушул айдын шарапаты менен урушкандар жарашсын. Оорулуулар шыпаа тапсын. Перзент күткөн замандаштарыбыз бала жытын искесин. Муктаждар муратына жетсин. Жолоочулар барар жерине сак-саламат жетип алсын.

Урматтуу диндеш бир туугандарым!

Орозоңуздар кабыл, Рамазан айыңыздар маарек болсун!

Алла Тааладан суранарым, элибизге тынчтык, биримдик, жергебизге бүтүндүк, Мекенибизге кут-береке, мамлекетибизге өнүгүү, динибизге риваж берсин. Оомийн.