СУРОО-ЖООП: ОРОЗО МАСЕЛЕЛЕРИ

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Фатва, диний адабияттар бөлүмү орозого байланыштуу суроолорго жооп берет.

Суроо: Орозо деген эмне?

— Таң аткандан күн батканга чейин жепичүүдөн жана жыныстык катнаштан тыйылууну «Орозо» деп атайбыз

— Балагатка жеткен жана акыл ээси жайында болгон ар бир мусулманга рамазан айында орозо кармоо парз. Үзүрсүз орозону кармабай коюуга болбойт.

Орозонун пайдасы жөнүндө хадистерде эмне деген?

Хадис:  «Орозо — адамды тозок отунан сактай турган күчтүү чеп жана коргон» (Ахмад 2/402)

Хадис: «Ким Аллах үчүн бир күн орозо кармаса, Аллах ал адамдын жүзүн тозоктон жетимиш жылдык аралыкка алыстатып коёт». ( Муслим 2/808)

Хадис: «Кимде-ким Рамазан айында орозонун сыйлыктарына ишенүү жана үмүт менен орозо тутса, өткөн (эски) күнөөлөрү кечирилет» (Аль-Бухари Фатх:37).

Хадис: «Акыйкатта, бейиште “Ар-Раййан” деген эшик бар. Акыретте бул эшиктен орозо кармагандар гана кире алышат. Алардан башкаларга бул эшиктер жабык болот. «Орозолуулар кайда?» — делинет. Анан орозолуулар киришет, эшиктер жабылат, алардан башка эч ким кире албайт». (Аль-Бухари Фатх:1797).

Суроо: Кайсы нерселер орозону бузат жана  кайсы нерселер бузбайт?

— Орозо туткан адам ооз ачканга чейин атайлап жеп-ичсе же жыныстык мамиле кылса орозосу бузулат. Мындай кылган чоң күнөө болот. Ал эми орозосун атайлап бузгандыгы үчүн ошол күндүн ордун толуктоо (казасын кармоо) жана айыбын  (кафаарсын) төлөө милдеттүү болот.

— Орозону атайлап бузуунун айыбы  (кафаарасы) бир кул азат кылуу  же алтымыш күн үзгүлтүксүз орозо кармап берүү же алтымыш кембагалга тамак берүү менен өлчөнгөн. Ал эми орозону байкабастан бузуп алгандыгы үчүн бир күнүнө бир күн (казасын) ордун тутуп берүү менен өлчөнгөн.

— Эгер тамагына чымын кирип кетсе, же өзүнөн өзү түтүн кирсе же чаң кирсе орозо бузулбайт.  Атайлап киргизсе бузулат.

— Тамеки же кальян тартса орозо бузулат. Ошондой эле арча күйгүзүп, түтүнүн атайалап жутса ооз ачылат.

— Тишинде калып кеткен тамакты же этти ооздон сыртка чыгарбастан жутуп салган учурда, анын көлөмүнө каралат. Эгер ал буурчакка барабар болсо же андан чоң болсо орозо бузулат, кичине болсо бузулбайт. Ал эми тиштеги калдыкты сыртка чыгарып кайра жеп салса, анда кичине же чоңдугуна карабастан орозосу бузулат.

— Түкүрүгүн, какырыгын канча жутса да орозо бузулбайт.

— Орозо экени эсинде болуп туруп, даарат алып жатып оозунан же мурдунан суу кирип, кокустан кекиртектен өтүп  кетсе, орозосу бузулат. Мындай учурда бир күнүнө бир күн орозонун казасын кармап берет, айып (каффаара) ваажип эмес.

— Өзүнөн-өзү куску келип кусса, аз-көбүнө карабастан орозо бузулбайт. Ал эми бир нерсенин жардымы менен атайлап кустурса, мындай учурда оозу толо кускан болсо орозо бузулат, аз болсо бузулбайт.

— Кичине кусунду чыгып өзүнөн-өзү кайра кирип кетсе орозо бузулбайт, эгер атайлап жутса бузулат.

— Тыйын, таш, кагаз, темир ж.б.у.с желбей турган нерселерди жутуп алса орозо бузулат жана ошол күндүн казасын бир күнгө бир күн кармап берет, каффара бербейт.

— Атайлап жеп-ичсе же дары ичсе орозо бузулат, казасын кармайт, каффара да берет.

— Орозодо аялы менен кошулса орозо бузулат, казасын кармайт, каффара да берет. Албетте аялы менен жөн эле кучакташып жатса, өпкүлөп-сыласа орозо бузулбайт. Бирок жаштар өзүн токтото албаса, жана кошулуп коюу коркунучу болсо, мындай учурда аялын кучактоо же өөп коюу макрух амал болот.

— Орозодор адам оозуна насвай салса же кулагына даары куйса же клизма жасаса орозосу бузулат. Бул учурда бир күнүнө бир күн орозо кармап казасын тутат, каффара бербейт.

— Тиш канап, канын жутуп алса орозосу бузулат. Эгер кан аз болсо жана таңдайы кандын даамын сезбесе бузулбайт.

Маселе: Орозодогу макрухтар

Суроо: Орозону макрух (орозо үчүн жагымсыз) кылуучу нерселер кайсылар?

— Бир нерсени даамдап түкүрүп салса орозо бузулбайт, бирок муктаждыгы жок эле бир нерсени даамдап көрүү макрух (орозо үчүн жагымсыз амал) болот.

—  Баланын оозуна бир нерсени чайнап салуу орозону макрух (орозо үчүн жагымсыз амал) кылат. Зарылчылык жана муктаждык болсо, анда макрух эмес.

— Мисвак колдонсо орозо бузулбайт, тиш пастасын колдонууга болбойт. Пайдаланса макрух (орозо үчүн жагымсыз амал) .

— Рамазан айында бирөөнүн орозосу бузулуп калса да күн батканга чейин жеп-ичүү жакшы эмес.

— Орозону кечиктирбей ачуу керек, кечиктирүү макрух.

Маселе: Орозодо болгон ар түрдүү маселелер

Суроо: Эгер унутуп жеп алса эмне болот?

— Орозодо орозо экенин таптакыр унутуп жеп-ичип алса, анан орозо экени эсине түшсө орозосу бузулбайт, орозосун уланта берет. Бирок  унутуп жеп алып «орозом бузулуп калды» деп ойлоп, андан ары атайлап жеп ичүүнү улантса, эми орозосу бузулду. Ошол күндүн орозосунун казасын кармайт, каффара бербейт.

— Саарлык жеш сүннөт, саарлыкта береке бар. Ошондуктан карын ток болуп же табит жок болуп жатса, бир же эки курма жеп, кичине суу ичип алса жакшы болот.

— Курма менен оозду ачуу жакшы, болбосо мөмө же таттуу бир нерсе же суу менен ачса дагы болот.

— Балагат жашына жакындап калган балдар мүмкүнчүлүгө карап орозо тутса болот бирок милдеттүү эмес. Ал эми балагатка жеткенден баштап орозо кармоо милдет. Кыз балдар айыз көрө баштаганда, эркек балдар түшүркөп баштаганда балагат куракка жетти деп эсептелет. 

— Саарлык (сухр) убактысы өтүп кеткенден кийин, убакыт бүтө элек деп ойлоп саарлык тамагын жеп алса, орозо туткан адамдай уланта берет. Бирок ал орозо деп эсептелбейт. Ошол күндүн орозосунун казасын башкадан тутуп берет. Дал ушундай эле күн бата электе эле күн батты деп ойлоп оозун ачып алса,  орозо туткан адамдай уланта берет. Бирок ал орозо деп эсептелбейт. Ошол күндүн орозосун казасын башкадан тутуп берет. Айыбын  (каффаарасын) төлөө милдеттүү болбойт.

— Адам орозону ниет кылбастан эле жеп-ичпесе орозо деп эсептелбейт.

— «Таң аткандан күн батканча Рамазан айынын орозосун кармоону ниет кылдым»-деп ниет кылат. Ниет кылгандан кийин таң атканга чейин убакыт бар болсо жеп-ичсе болот. Ооз жабуу убактысы бүтүп калса, анда жеп-ичүүгө болбойт.

Каффаара милдет болгон адам эгер 60 күн орозо кармай албаса, анда 60 кедейге тамак берсин.

Суроо: Оорулуу жана мусаапыр  адамдын орозосу

— Орозодо адам ооруп калса же мурунтан ооруп жаткан болсо, орозо кармоо анын оорусун күчөтүп жиберүү коркунучу болсо, анда орозону токтотуп, башка күндөрү казасын кармап берет.

— Сапардагы адамдын орозо кармоосу зыян болбосо кармаганы жакшыраак болот. Анткени Рамазан айы орозо кармоонун эң артык мезгили болоп эсептелет.

— Мусапыр адам сапарда каза болуп калса же оорукчан адам ооруган бойдон айыкпастан каза болсо, анда алардын калган орозосунун казасы милдет болбойт.

— Оорулуу адам оорусунан айыгып, анан каза болсо же мусапыр адам сапардан кайтып келип, анан каза болгон болсо анда калган орозолорунун казасы милдетүү болуп калат.

— Рамазанда кармалбай калган орозону мүмкүн болушунча тез арада удаама-удаа кармап берсе да болот. Бөлүп-бөлүп тутуп берсе дагы болот. Кармалбай калган орозонун ордуна фидя берсе өтпөйт.

— Эгер кармалбай калган каза орозолорду кармаганга чейин кийинки орозо кирип келсе, анда алгач кирип келген орозону кармайт.

Маселе: Кош бойлуу аялдын орозосу

— Кош бойлуу аял же бала эмизүүчү аял өзүнүн же баласынын ден соолугуна зыян жетүүсүнүн коркунучу болсо, анда алар орозо кармабайт. Бирок ошол орозолорун башка күндөрү кармап берет. Кармалбай калган орозону ордуна фидя берсе өтпөйт.

— Айыз көргөн аял орозону токтотот жана бүткөндөн кийин кайра улантат. Ал эми айыз күндөрү кармалбай калган орозонун казасын (ордун) кармап берет.

— Аял төрөттөн кийинки (нифас) учурунда орозо кармабайт. Ал башка күндөрү орозонун казасын толук кармап берет. Аялдар айыз жана нифас мезгилинде калган орозолордун казасын (ордун) кармайт. Ал эми намаздардын казасы боюнча шарият аялдарга женилдик кылып, намаздардын казасын окуудан бошоткон.

Даярдаган: Равшан ажы Эратов, КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси