Чоң-Алайда айымдар арасында интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү

Кечээ, 10-март күнү Ош облусуна караштуу Чоң-Алай райондук хатибиятынын демилгеси менен Кашка-Суу айыл аймагында айымдарга багытталган «Мен күткөн Рамазан айы, кош келдиң» аталышындагы интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.

Таймашка Кашка-Суу айыл аймагындагы имамдар калыстык кылып, орозо тууралуу суроолор түзүлүп, мыкты жооп берген катышуучуларга кызыктыруучу белектер тапшырылды.