24 саат Куран хатм саамалыгы Ош шаарына өткөрүлүп берилди

Кечээ, 10-март күнү өлкөбүздө уюштурулуп жаткан түз ободо 24 саат Куран хатм кылуу саамалыгын Ош облустук казыяты Ош шаардык казыятына өткөрүп берди. 

Ош шаарындагы тынымсыз Куран окуу “Ош Пирим” телеканалынан жана телеканалдын ютуб баракчасынан, ошондой эле казыяттын фейсбук баракчасынан түз обого чыгарылат. 

Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов шаардык казыят эстафетаны кабыл алганын билдирип, буларга токтолду.

«Буйруса борбор калаабызда башталган 24/7 Куран окуу саамалыгы Ош шаарына келип калды. Кооз үндүү кыраат менен окуган каарылар тандалып алынды. Өтө маанилүү иш-чаранын Куран айы — Рамазанга туура келиши биз үчүн зор сыймык».