Балыкчы шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди

Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында Рамазан айына карата «Усман Зиннурайн» жана «Латифа» мечиттеринде калаадагы муктаж адамдарга жардам көрсөтүлдү.

Кайрымдуулук иш-чарасын Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов уюштуруп, хатибияттын тизмесинде турган аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам берилди. Баш имам-хатиб келгендерди Рамазан айы менен куттуктап, демөөрчүлүк кылган инсандарга  Жараткандан жакшылыктарды тилеп, ыракматын айтты.

Рамазандык жардам баштыкчаларын алгандар Балыкчы хатибиятына, демөөрчүлөргө  ыраазычылык билдиришти.