Кара-Суудагы «Имам Азам» мечитинде 50 үй-бүлөгө жардам баштыкчасы таратылды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан «Имам Азам» мечитинде Рамазан айына карата «Ажр» фонду тарабынан 50 үй-бүлөгө жардам баштыкчасы таратылды.

Аталган жардам баштыкчасында камтылган азык-түлүктүн орточо баасы 3500 сомду түзүп, 50 үй-бүлөгө жалпы 175 миң сом сарпталган.

Кайрымдуулук иштерин баштоодо «Имам Азам» мечитинин имам-хатиби Мирза Артиков ак батасын берип, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

«Колунда бар инсандар тыйын чогултуп, муктаж үй-бүлөлөргө жардам баштыкчаларын таратууда кызмат кылышты. Кайрымдуулукту уюштургандардан Аллахым ыраазы болсун», — деди имам-хатиб.