Кара-Сууда 105 муктаж үй-бүлөгө жардам баштыкчасы таратылды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан «Замзам» мечитинин имамы Илхамжан Дилшадбек уулунун демилгеси менен жергиликтүү жамаат жана «Караван Ихлас» фонду муктаж 105 үй-бүлөгө жардам баштыкчасын таратты. Кайрымдуулуктун жалпы суммасы 220500 сомду түздү.

Жардам баштыкчасында 10 кг ун, 4 литр май, 2 кг күрүч, 1 килограммдан эт, нокот, гречка, нават, курма жана чай салынган.

«Куранда: «Жакшылык иштерде жарышкыла» деп келет. Ошол сыяктуу районубузда имамдарыбыз кайрымдуулук иштеринде бири-биринен калышпай жакшылык иштерге себепчи болууда. Өз жанынан болбосо да, бир элдин башын бириктирип, иш-чара уюштуруу үчүн да адамда жөндөмдүүлүк болушу керек. Кудайга шүгүр, имамдарыбыз ар тараптуу жөндөмдүү деп айта алабыз», — деди баш имам-хатиб Абдирашит ажы Батыров.

«Рамазан айында ооз бекитип, ооз ачканга ар кимде да мүмкүнчүлүк боло бербейт. Колу жука, инсандарыбыз да жок эмес. Биз жамаатыбыз менен Рамазан айына карата бардык элдин үйүндө казаны кайнап турсун деген максатта кайрымдуулук иштерин баштадык. Буйруса тез-тез өткөрүп турабыз», — деди мечит имамы Илхамжан Дилшадбек уулу.