Нуридин ажы Мамасабиров «Коопсуз өлкө — туруктуу келечек» аталышындагы форумга катышты

Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрында «Коопсуз өлкө — туруктуу келечек» аталышындагы форум болуп өттү.

Форум жарандардын коопсуздугун, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, укук бузууларды жасоого көмөктөшүүчү себептерин жана шарттарын аныктоого жана жоюуга багытталды.

Форумдун жүрүшүндө Баткен обусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров сөз сүйлөп төмөнкүлөргө токтолду.

“Өлкө башчыбыз  Жапаров Садыр Нуркожоевич кызматка киришкен алгачкы күндөрүндө “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” Жарлыкка кол койду. Бул биз үчүн руханий агаруунун жана ыймандуу коом түзүү багытына карай түзүлгөн жол болуп, өзгөчө элибиздин каада-салт, үрп-адаттарын жана ислам дининин асыл баалуулуктарынын жандануусуна чоң салым болду. Жарлыкты ишке ашырууда Баткен облустук мусулмандарынын казыяты жана өлкө аймагындагы жалпы дин кызматкерлер жапа тырмак бир катар иш-чараларды уюштурушуп, руханий агартуу жаатында эбегейсиз салымдарын кошту десем жаңылбаймын. Албетте, ар бир иш-чарада жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өздөрүнүн салымдарын кошуп, мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнө, эгемен мамлекетибиздин туруктуулугуна жана өнүгүп-өсүшүнө биргеликте кол сунуп, эртеңки муундарыбызга туура жолду көргөзө алдык”, — деди Нуридин ажы Мамасабиров.

Айта кетсек, форумга ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым өкүлү Абдикарим Алимбаев, Генералдар кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, Баткен ОИИБнын башчысы, милициянын генерал-майору Мурат Боронов, Баткен обусунун облус аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.