КИУ студенттери Талас казыятына практикага чыгышты

Бүгүн, 12-март күнү Кыргызстан Ислам Университетинен 14 студент практика өтөө үчүн Талас облусуна келишти. Студенттерди Талас облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Өмүрзак ажы Адбысамат уулу тосуп алып, казыятты тааныштырды.  

«Окуу жайда окуп үйрөнгөн билимиңерди иш жүзүндө көрсөтүп, ушул берекелүү орозо айында Талас элине жакшы кызмат кылып бериңиздер. Буйруса, ар бириңиздер бир мечитке имамга жардам берип, балдарды окутуп, практикаңыздарды ийгиликтүү өткөрүп кетиңиздер», — деди казы орун басары.

Жолугушуудан соң студенттер 4 районго бөлүнүп, имам-хатибдерге жардам берип, тажрыйба ашыра турган болушту.