Бекназар ажы Жапаров Төөлөс айыл аймагына барды

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров Төөлөс айыл аймагындагы Кеңеш айылында жайгашкан «Азирети Умар» мечитине барып, жергиликтүү жамааттын алдында имамга мечиттин эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүн тапшырды.

«Мына, буйруса мечит Рамазан айына карата эсептик каттоодон өтүп, күбөлүгүн алдык. Эми Рамазан айында хатм Куран, таравих намаздары окулуп, эл-журтка руханий жактан азык берүүчү насаат борбору болот деген үмүттөбүз. Ар дайым элдин ынтымагын, биримдигин бекемдеп, жакшылык иштер өтүүчү жер болуп, ичи жамаатка толсун», — деди Бекназар ажы Жапаров.