Сулумбек ажы Узеналиев райондук баш имам-хатибдерге кварталдык жыйын өткөрдү

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев облустук казыяттын кеңсесинде баш имам-хатибдерге жыйын өттү. Жыйында облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев КМДБнын алдыңкы жылдарда аткарылуучу  пландары менен кыскача тааныштырып, төмөнкү маселелерге токтолду. Алсак;

Рамазан айында кайрымдуулук иштерин күчөтүү, фитир-садака боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, имам-хатибдердин документтерин толуктоо ж.б.

«Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров КМДБнын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана жогорулатуу максатында 5 жылдык иш-планын сунуштап, жакында бекитерин билдирди. Буюрса бул пландарды аткарууга дараметибиз жетет деп ишенип турам. Ошондой эле Рамазан айында ынтымакта, биримдикте жакшы иш жүргүзөлү», — деди облус казысы.