Садака-фитирди тиркемелер аркылуу берсеңиз болот

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Кыргызстан коммерциялык банкы ААК (Mbank), РСК банкы жана «Альфа Телеком» ЖАК (MegaPay) менен биргеликте жарандар үчүн 2024-жылдагы фитир-садаканы  берүүнүн санариптик системасын иштеп чыкты.

Жарандар фитир-садаканы жана зекетти берүүдө Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын банктардагы эсептик счетторуна банкоматтар, терминалдар жана мобилдик тиркемелер аркылуу беришсе болот. Колдонуучулардын садака-фитир, зекет сыяктуу кайрымдуулук төлөмдөрү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын эсебине түшөт.

Садака-фитирди мобилдик капчыктын жардамы менен кантип төлөөгө болот?

1-кадам: MegaPay, Mbank же РСК банк тиркемесин App Store же Google Play сервистеринен жүктөп алуу;

2-кадам: «Кайрымдуулук» бөлүмүнө кирүү;

3-кадам: Битир-садага, зекет же жетим балдарга бөлүмүн тандоо;

4-кадам: «Реквизиттер» сабына кайрымдуулук төлөмдүн суммасын көрсөтүү керек.