Ош шаарында “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аттуу форум өтүп, ага дин кызматкерлери катышты

Бүгүн, 12-март күнү Ош  шаарындагы Бабур атындагы өзбек драма театрында Ички иштер министрлигинин демилгеси менен “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” урааны астында форум болуп өттү. Бул иш-чара буга чейин өлкөнүн бир катар аймактарында өткөрүлүп келүүдө.

Форумдун негизги максаты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу» боюнча кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөгө ашыруунун алкагында жарандардын коопсуздугун, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, укук бузууларды жасоого көмөктөшүүчү себептерин жана шарттарын аныктоого жана жоюуга багытталды.

Бул ири иш-чарага  Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков,  ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, Ош ШИИБнын  башчысы, милициянын полковниги Марлис Асанов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-ишканалардын,  алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү,  ички иштер органдарынын ардагерлери, шаардын кадыр-барктуу аксакалдары, ошондой эле Ош шаардык казыяты жана Ош шаарындагы жалпы дин казматкерлери катышты.

Форумда дин кызматкерлери тарабынан калк арасында, анын ичинде жаштарга көңүл буруу менен намаз учурунда (жума намазы) салттуу ислам динин кеңири түшүндүрүп, экстремисттик агымдардын жаңылыштыгын түшүндүрүү сунушталды.

Айта кетсек, саамалык ички иштер органдарынын жана жарандык коомдун бардык мүчөлөрүнүн кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган биргелешкен аракеттерин жогорулатуу боюнча резолюция кабыл алуу менен аяктады.