Толкунбек ажы Жуманов Ош облусундагы ажылык иштери боюнча операторлор менен жолугушту

Бүгүн, 12-март күнү КМДБнын башкы бухгалтери Толкунбек ажы Жуманов Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош облусунун ажылык иштери боюнча куратору Алибек ажы Жусупов баш болгон райондордогу операторлорго жыйын өткөрүп, финансылык маселелерде так болуу боюнча тапшырмаларды берди.

«Ажылардын төлөмдөрүнүн кемчилиги болбосун. Финансылык маселелерде так болуңуздар. Зыяратчылардын ажылык сапарына баруусунда талыкпай кылган кызматыңыздардан Аллахым ыраазы болсун», – деди Толкунбек ажы Жуманов.

Ал 2019-жылдан берки ажылардын кайтарып ала турган акыларын да тактап чыгуу боюнча тапшырма берди.