Алибек ажы Жусупов: «Рамазан айында илим талап кылып жүргөн студенттерге ифтар уюштурууга ашыгалы»

Бүгүн, 12-март күнү Ош облустук казыятынын кызматкери Алибек ажы Жусупов Кара-Суу районунун Жийделик айылында жайгашкан «Абдурахман бин Ауф» медресесин зыярат кылып, мугалимдери жана жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

«Рамазан айында илим талап кылып жүргөн студенттерге ифтар уюштурууга шашылалы. Анткени берекелүү Рамазан айы соопторду жыйноого сонун мүмкүнчүлүк. Баарыбыз жакшылык иштерди аткарууга аракеттенели», – деди Алибек ажы Жусупов.