Кара-Сууда мечит имамы өзү каражат кошуп, кайрымдуулук өткөрдү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндөгү Чагыр айылында жайгашкан «Шананов Орозмамат ажы» атындагы мечит имам-хатиби Анвар Акрамов берекелүү Рамазан айында достору менен биргеликте 50 миң сомдук бодо мал сатып алып союп, этин 30 муктаж үй-бүлөгө таратып берди.

Райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров аталган мечит имамы кайрымдуулук иштерин уюштурууну өзү баштап бергендиги башкаларга да үлгү боло тургандыгын билдирди.

«Жергиликтүү жамаатка жана башкаларга үлгү болуусу үчүн имам өзү да каражат кошуп, кайрымдуулук өткөрдү. Жакшылык ишти сөз менен гана эмес, амал менен да көрсөтүп келе жаткан имамдарыбызга ыраазычылык билдиребиз», — деди райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров.