Бакыт ажы Кайкиев: «Окуган эл дайыма алдыда болот»

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Түп айылында жайгашкан райондук китепканада «Жашообуздагы ислам дининин орду» аттуу жыйын болуп өттү. Жыйынга райондук администрация өкүлдөрү, мектеп мугалимдери, Түп районунун баш имам-хатиби Бакыт ажы Кайкиев жана окуучулар катышты.

Жыйында баш имам-хатиб катышуучуларга жалпы ислам дини, мусулмандын адеби, илим алуу жөнүндө маалымат берди.

«Ислам дини адамдардын бири-бири менен ынтымакта, биримдикте, камкордукта, бири-бирине жардам берүү менен жашоого үндөйт. Динибизде илимдин орду чоң. Курандын эң биринчи түшкөн аяты да бизди окууга, илимге үндөп турат. Ошол себептен дүйнөдөгү канчалаган ачылыштарды мусулман илимпоздору ачышкан. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) : «Илим алуу — мусулман эркекке жана мусулман аялга парз» деп айткан. Китепканада отурабыз, китепти көп окушубуз керек. Окуган эл озот, дайым алдыда болот. Китеп окууну өзүбүзгө адат кылып алышыбыз керек» — деп баш имам-хатиб окуучуларга насаатын айтты.