Кыргызстандык ажыларды «Flaynas» жана «Jazeera Airways» авиакомпаниялары тейлейт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын 2024-жылдагы Ажылыкты уюштуруу боюнча Убактылуу республикалык штабынын авиакомпания боюнча түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнүн чечиминин негизинде:

2024-жылы кыргызстандык ажыларды Сауд Араб Падышалыгына (ажылык сапарга) алып баруу жана алып келүүнү «Flaynas» жана Jazeera Airways авиакомпаниялары аткарат.

Тактап айтканда, «Флай нас» авиакомпаниясы Манас эл аралык аэропорту аркылуу (Бишкек багыты боюнча), ал эми «Жазира эйрвейс» авиакомпаниясы Ош эл аралык аэропорту аркылуу (Ош багыты боюнча) аттанган ажыларга кызмат көрсөтөт.